Бай Болгом
Мирбек Атабеков
Текст песни
Мен да бай болгом, чоң болгом
Чөнтөкө акча жык толгон
Жанымда досторум көп эле
Күлүп ойногон...
Көнүмүш адатымды койбоптурмун
Берилген ырыскыма тойбоптурмун
Түбөлүк жашай берем дегенсип
Ойлоптурмун...
Дагы, дагы, чыда кичине
Өтөр, кетер бул күндөрүң дечү эле
Чыдай берем, чыдай берем а бирок
Бүтпөйт эч эле...
А Мыны, мына колдо турат дегенче
Кармагыча учуп кетет бир кезде
Чыдай берем, чыдай берем а бирок
Бүтпөйт эч эле...
Туй Ата...
Ага тай деп сулуу кыздар жүрчү эле
Мен күлсөм кошоматчылар күлчү эле
Мактаган сайын дардандаарымды,
баары билчү эле
Бул байлыгым бүтпөчүдөй
Дептирмин...
Карапайым эл ырысын жептирмин
Жаман иштин кайра кайтып келеерин
Билбептирмин...
Дагы, дагы, чыда кичине
Өтөр, кетер бул күндөрүң дечү эле
Чыдай берем, чыдай берем а бирок
Бутпөйт эч эле...
А Мыны, мына колдо турат дегенче
Кармагыча учуп кетет бир кезде
Үмүт кылам, үмүт кылам а бирок
Бүтпөйт эч эле...
Туй Ата...
Туй Ата...
Мен да бай болгом, чоң болгом... Эх..
Чөнтөкө акча жык толгон... Ай...
Жанымда досторум көп эле... Туй Ата...
Ага тай деп сулуу кыздар жүрчү эле...
Ой-ой-ой...
Мен күлсөм кошоматчылар күлчү эле...
Эх-эх-эх...
Дагы, дагы,, дагы чыда кичине
Өтөр, кетер бул күндөрүң дечү эле
Чыдай берем, чыдай берем а бирок
Бүтпөйт эч эле...
А Мыны, мына колдо турат дегенче
Кармагыча учуп кетет бир кезде
Бирок үмүт кылам ал күндөрүм баары бир
Келет тез эле...
Туй Ата..
Тексты других песен исполнителя
© 2017–2025
Тексты
песен
Все тексты песен на сайте размещены пользователями, редакцией или собраны из открытых источников.
При копировании материалов ссылка на сайт обязательна.
Уважаемые обладатели прав на музыку! На сайте не выкладывается музыка, ее нельзя скачать, послушать
и тому подобное.